Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: “Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте мамлекеттин башкаруу системасынын оптималдаштыруу маселеси курч турат”

31 января 2017 13:05 403 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күн тартибиндеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин  кароосуна аталган комитеттин мүчөсү  Кенжебек Бокоев айыл өкмөттөрдүн эл өзү түз шайлоо сунушу менен чыккан. Комитеттин катышуучусу  Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев демилгечиге “Негизинен бүгүнкү күндө биздин мамлекетте  мамлекеттин башкаруу системасынын оптималдаштыруу  маселеси курч турат.  Буга биз баардыгыбыз макул болобуз. Эң  негизги  жергиликтүү айыл өкмөттөргө болгон маселени  чечүү  мамлекеттин негизги фудаментин оңдоо деп түшүнөм.   Өкмөттүн көз карашына келсек  бул маселе азыр эртелик кылат  деп айтып жатат.  Эртелик кылат деген маселеге кошула албайм. Эрте,  кийинчерээк карайлы деген сөз бул  кетенчиктөөнү шашпоону, жоопкерчиликтен качууну билдирет. А бүгүнкү күндө  заман талабы тез кыймылдап  баратат. Чечимдерди тез-тез кабыл алып туруп  маселени тез  чечишибиз керек. Айыл өкмөттөрдү шайлоо принцибинде  көп маселелер бар. Негизинен демократия деген жакшы бирок демократия деген мамлекеттин бекемделишине багытталышы керек. Жеке бир топ адамдын кызыкчылыгы  жалпы элдин кызыкчылыгына иштеш керек. Ушунун негизинде карап келгенде бул жерде  көп маселе бар. Бул жагынан өкмөттүн сунушуна макулмун. Тереңинен  ойлоп, изилдеп  анан ушул маселени кароого кошулам. Мамлекеттин макро экономикалык, макро социалдык кызыкчылыктар бар. Ушул жерлерде айыл өкмөттүн  деңгээлинде кызыкчылыктар бар. Ушул кызыкчылыктар  келиши мүмкүнбү?” –деген суроосуна Эл өкүлү Кенжебек Бокоев “Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештер  баш мыйзамда аныкталган тийиштүү маселелерди  чечкенге жооп берет” –деп жооп берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content699



Добавить комментарий