Пан Ги Мун Түштүк Кореяга президент болуп калышы мүмкүн
Поделиться в:
Түштүк Кореянын парламенти БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун мамлекетке президент боло ала тургандыгын билдирди. Парламенттеги адистер тобу Башкы ассамблеянын каршы пикирине карабастан Пан Ги Мун президенттик тактыны ээлей ала турганын билдирген. Парламенттин иликтөө кызматы БУУнун 1946-жылы чыккан резолюциясын изилдеп, анда башкы катчылыктан кеткен адам мамлекеттик жогорку органдарда иштей албайт деген тыюу жок экенин билдиришти. Учурда Түштүк Кореяга президент болчулардын катарына БУУнун мурдагы башкы катчысы да катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content694
Добавить комментарий ×