Депутаттар мал союулуучу жана азык түлүк сакталган жайларда көчмө жыйын өткөрүштү
Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүн, 30-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алгач комитет мүчөлөрү Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл аймагына караштуу Пригородное айылындагы “Нар-Бото”, “Торо” сындуу мал союучу жайларын кыдырды. Белгилей кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык бирликке кошулуунун алкагында мал союлуучу жайларга азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир катар талаптар белгиленген. Буга байланыштуу эл өкүлдөрү мал жандыктарынын союлушунун эл аралык талаптарына жараша ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөп, тиешелүү чечим кабыл алат. Жыйынтыгында берилген маалыматтарды эске алуу менен аткаруу бийлигинен мал союучу пункттардын ветеринардык мыйзамдарга жооп бергидей иш жүргүзүүсүнө дыкат көзөмөл кылууну талап кылып тапшырмаларды беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content691
Добавить комментарий ×