Депутат: Булар Кудайдан коркпойт жана президенттин креслосун сатып алгылары келет
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов бүгүн, 28-сентябрда парламенттин жыйынында Ош областынын Кадамжай районунда добуш сатып алуу болуп жатканын айтты.
“Кадамжай районунда добуштарды массалык сатып алуу жүрүп жатат. Бир добуштун баасы 7 миң сомго чейин жетүүдө”,-деп белгиледи депутат.
Анын айтымында, Кыргызстан 26 жылдан бери демократиялык мамлекетти куруп келе жатат, бирок элдер шайлоочулардын добушун сатып алып демократиялык мамлекетти куруу деген түшүнүктү жокко чыгаргысы келет.
“Бул адамдар Кудайдан коркпойт жана президенттин креслосун сатып алгысы келет. Буга чейин алар паспорт жыйнашкан, эми акча таратышууда. Прокуратура, БШК Коопсуздук кеңеши каякты карап жатат? Добуш сатып алуу бул админресурсту колдонгондон дагы жаман”,-деп айтты депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/content6854
Добавить комментарий ×