Масалиев шайлоо күрөөсү катары койгон 1 миллион сомун талап кылды

28 сентября 2017 15:08 1187 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев“БШК качан шайлоо курөөсү катары койгон 1 миллион сомду кайтарып берет деп кызыкты. Мындай суроо менен ал бүгүн, 28-сентябрда парламенттин жыйынында кайрылды.

 “Мен БШКнын башчысынан мага 1 миллион сомду кайтарып бересиңерби жана качан кайтарып бересиңер деп сурайын дедим эле. Талапкер катары мени каттоодон баш тартыңыздар. Андай болсо акчамды кайтарып бергиле”,-деп талап кылды ал.

 Өз кезегинде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе азыр БШКда талкууланып жатканын айтты.

 “Буга чейин шайлоо күрөөсү кайтарылган эмес. Бирок биз азыр бул норманы алып салалы деп жатабыз. Убакыт керек”,-деп айтты төрайым.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6852



Добавить комментарий