Өкмөт бийик тоолуу аймактардын балдарына энелик капитал төлөгөнгө 330 млн сом тапкан жок
Поделиться в:
Өкмөт 2017-жылы 18-сентябрда “Бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон аймактарда жашап жана иштеген тараптарга кепилдик жана компенсация жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун артка кайтарды. Бул тууралуу Barometr.kgге өкмөттөн кабарлашты.
Өкмөттүн бүтүмүнө ылайык, мыйзамда көптөгөн такталбаган жагдайлар бар. Мисалы, мыйзам боюнча маалымдама-негиздемеде сунушталып жаткан бир жолку компенсациянын көлөмүн эсептөө ыкмалары тууралуу маалымат айтылган эмес.
“Мындан тышкары жыл сайын бир ирет берилүүчү акчалай компенсациянын көлөмү 330 млн сом болуп, ал республикалык бюджеттен бөлүнүшү керектиги айтылат, бирок бул сумманы орточо перспективада табуу мүмкүн эмес”,-деп айтылат бүтүмдө.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров тарабынан сунушталган.
Депутат бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөдө бала төрөлсө ага бир ирет акчалай компенсация берүүнү сунуш кылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын алыскы аймактарында 789 калктуу пункт жайгашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content6842
Добавить комментарий ×