Кинонун мазмунуна көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам каралды

27 сентября 2017 15:09 396 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊеште кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө жана мыйзамдагы карамакаршылыктарды жоюуга багытталган «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамдын 5-беренесинин 2-абзацына ылайык, аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт. Ошону менен бирге, анын 6-беренесине ылайык, учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, рассалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмуундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт.

Ошондон улам, мындай карама-каршылыктарды жоюу максатында, «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6815



Добавить комментарий