ӨКМ шашылыш билдирүү таратты: 29-30-сентябрда жаан катуу жаап, аягы карга айланат

27 сентября 2017 13:58 410 Barometr
Поделиться в:
ok

29-30-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 29-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңундо түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 26-сентябры күнү КРнын ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6805



Добавить комментарий