Бельгиялык аял эки жаштагы кызын өлтүрүп гриль кылмак болгон
Бельгиянын полициясы өзүнүн кичинекей баласын өлтүрүүгө шектелген 27 жаштагы аялды кармады. Анын кичинекей кызынын башы кесилген денеси гриль бышыруучу аппаратттын жанынан табылган. Бул тууралуу Daily Mail булагы кабарлады.
Полицияга кичинекей кыздын чыңырган үнүн уккандан кийин аялдын кошуналары кабарлашкан. Анткени аял жашаган гараждын жанынан түтүн чыкканы байкалып жаш бала үрөй учура чаңырган.
Окуя болгон жерге жетип келген полиция африкалык аялды электр грилдин жанынан кармашты, анын жанында кичинекей кызынын сөөгү жаткан. “Экөөбүз бейишке чогуу барыш үчүн бирге күйүшүбүз керек болчу”,-деп айткан ал.
Киши өлтүрүүгө шектүү аял катуу депраессия болуп жүргөнү белгилүү болду. Ошондой эле ал психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүндүгү айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content6801
Добавить комментарий ×