Жалал-Абад областында Израилдин жаранын издеп жатышат. Ал төрт күндөн бери дайынсыз болууда

27 сентября 2017 12:28 365 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында 2017-жылдын 23-сентябрында Сары-Челек коругунда Израил мамлекетинин жараны (22 жаштагы кыз) дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2017-жылдын 26-сентябрында саат 13:55де издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жолго чыгып, кечки саат 20:00 чамасында Сары-Челек коругунун адисинин үйүнө жетишип, ошол жерде түнөп калышты.

Издөө иштери 2017-жылдын 27-сентябрында жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content6798



Добавить комментарий