Бюджетте 2 млрд долларлык тешик пайда болду. Россия аны жамаганга 26 млн доллар берет

27 сентября 2017 12:00 511 Barometr
Поделиться в:
ok

Бюджетте 2 млрд долларлык тешик пайда болду. Бул тууралуу Barometr.kgге өкмөттөгү жеке булактардан кабарлашты.

 Маектештин айтымында, 2017-жылдын бюджетин жабыш үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков  20-сентябрда бюджетти секвестирование кылуу боюнча буйрукка кол койду.

Документке ылайык, Россия Кыргызстанга 26 млн долларга чейин кайтарымсыз көмөк көрсөтөт.

Кыргызстан сунушталган көмөктү республиканын бюджетинин каржылык тартыштыгына жумшоону көздөп жатат. Россия республикалык бюджетти каржылоону эки өлкөнүн каржы министрлери 30-сентябрга чейин келишимге кол койгондон кийин ишке ашырат.

 Каражатты которуу КРнын Борбордук казыналыгынан жүргүзүлөт.

Өз кезегинде Кыргызстан Россияга Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, көрсөтүлгөн көмөктү пайдаланышканы тууралуу 2017-жылдын бюджети боюнча кеңири отчет берет. Каражат максатсыз пайдаланыла турган болсо Россия Кыргызстандан аны кайтарып берүү талабын койгонго укуктуу.

 Келерки жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд долларга чейин жетиши ыктымалдыгы болжолдонууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6794



Добавить комментарий