Серена Уильямс эжесин жеңип алды

28 январь 2017 17:12 355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Австралия Ачык Биринчилигинин кыз-келиндер арасында жеңүүчүсү болуп Серена Уильямс саналды. финалда өз эжеси Винус Уильямсты 6:4 6:4 эсебинде утуп? 7-жолу Австралия Ачык Биринчилигин жеңсе, жалпы Чоң шлем алкагындагы мелдештин 23-жолку жеңүүчүсү аталды. Бүгүнкү оюнда сиңдисинен жеңилүү ызасын тартып калган 36 жаштагы америкалык теннисчи Винус Уильямс Коко Вандевейди жеңип, өзүнүн карьерасындагы Чоң шлемдеги мелдештерде 15-финалына чыккан. Мындан соң ал финалдык беттеште сиңдиси Серена Уильямс менен кез келмек. Эже-сиңди Уильямстар ушуну менен 9-жолу Чоң шлем мелдештеринин финалында атаандаш катары кезигишишти.

Ссылка: https://barometr.kg/content679



Добавить комментарий