Караколдо газ баллон жарылып, жаш жигит күйүп калды

27 сентября 2017 11:18 555 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракол шаарында болгон өрттөн жергиликтүү тургун жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Панфилов көчөсүндө газ баллондун редуктору күйүп кеткен. 1987-жылы туулган жигиттин сол колу жана сол жак бети күйгөн.

 Жабырлануучу Ысык-Көл областтык ооруканасына жеткирилди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6785



Добавить комментарий