Письмо из СИЗО-1. Садыр Жапаров обвинил власть в смерти своего отца

27 сентября 2017 01:00 3783 Barometr
Поделиться в:
ok

Садыр Жапаров не может смириться с тем, что не смог проводить отца в последний путь. Об этом он написал в своем письме кыргызстанцам из тюрьмы.

Отметим, 20 сентября   скончался отец Садыра Жапарова Нуркожо.

Жапарову, который отбывает  срок в СИЗО №1,  не дали проводить в последний путь своего отца, ссылаясь на Уголовный кодекс КР,  согласно которому выезды за пределы исправительных учреждений не предоставляются осужденным, отбывающим наказание за преступления, предусмотренные   статьей "Захват заложников".

Так, в частности, в письме Жапарова говорится:

"Мой народ, я потерял отца. Мой мир обрушился - упала моя скала, опора. Сердце сжимается от боли, трудно мне пережить смерть самого близкого человека. Жестокая власть не позволила мне похоронить своего отца. Сердце кровью обливается от того, что не смог попрощаться с отцом. Власть наплевала на устои и традиции предков.Именно они довели моего отца до могилы, из-за них он умер. Не смог пережить все, что вытворяли  власть имущие в отношении меня и моих близких. Я хочу выразить благодарность всем,  кто похоронил  моего отца.

Прощай отец! Покойся с миром! Пережить утрату трудно, прошу Бога терпения, но кровь моя кипит от злости. Если бы я только мог поцеловать своего отца,  провожая его в последний путь. Если бы мне позволили похоронить его своими руками. Может, тогда боль моя не сжигала бы так  сердце и не рвала бы душу на куски.  У кровожадной власти нет  ценностей, и они не знают, что родители  - самое святое, что есть у людей. Им чужды такие понятия. Бог им судья!

Меня без вины виноватым сделали. Посадили в тюрьму за то,  что я отстаивал интересы страны, выступал против разграбления добра народа. Мой народ знает это и видит жестокость и несправделивость власть имущих. Верю, что и это пройдет!" - говорится в письме Жапарова.

Письмо Жапарова в оригинале:

"Кагылайын калайык, карааны калдайган атакемден айрылдым. Аска-зоом кулады. Жүлүнүм зыркырап, кабыргам кайышып турат. Алакандай кезимден ардактап өстүргөн атама өз колум менен топурак сала албай кайгыга муунуп, көз жашка жуунуп турамын. Мындай күндү эч бир пенденин башына салбасын.

Элди какшаткан зулум бийлик мага жасаган адилетсиз, жалган иши менен атамдын кайгысын көбөйтүп, акыры башын жутту!


Жок дегенде кыргыздын салтын сактап, акыркы сапарда атамдын башында турууга мүмкүнчүлүк бербей, бабаларыбыздын наркына түкүрдү.
Алыс-жакындан барып, мен үчүн топурак салып, акыркы сапарга узатып койгон замандаштарымдын баарына терең ыраазычылык билдиремин.
Рахмат сиздерге.
Кош бол - Ата!


Азыр Кудайдан сабыр тилеп турамын. Бирок баары бир жүрөгүм сыздап, жүлүнүм күйүп турат. Ардактаган атамдын чекесин сылап, бир ууч топурак салсам арманым жок эле, ошону ыраа көрбөдү. Булар атанын ыйыктыгын билбейт экен. Кудай өзү таразаласын дегенден башка аргам калбады.


Бизге колунан келген азап-тозогун жасады. Мен кылмыш жасасам же элге кыянаттык кылсам бир жөн эле, тилекке каршы мамлекеттин байлыгы тонолбосун, таланбасын, өз элибизде калсын дегеним үчүн абакка жапты. Бирок акылман кыргызым мунун баары жалган жалаа экенин билип, кыянатчылык экенин көрүп турат.
Мага ошол жетиштүү.
Бул күндөр да өтөт.
"Үмүтсүз шайтан"-дейт.
Жакшы күндөр алдыда деп туралы.

Урматтуу кыргыз элим!
Камакта жатсам да мамлекетибиздин, элибиздин эртеңки тагдыры мени кайдыгер калтырбайт.
Мага жактоочум келген сайын колдоочуларым кайсы талапкерге добуш беребиз деп тынчсыздануу менен күтүп турганын билдирүүдө.
Мен азыркы шартка байланыштуу кимдир бирөөнү бөлүп көрсөткүм келбейт. Программаларын да окуганым жок.
Талапкерлердин арасынан кимиси эли-журтка чын жүрөгүнөн күйүп-бышып, башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүп, жаңы, эффективдүү башкарууну орнотом дегенине добушуңарды берсеңер жаңылышпайсыңар.
Ал жаңы башкаруу системасы кандай болушу керектигин 2011-жылдан бери айтып келе жатам, бирок бийликке бул система жакпайт. Анткени, дайыма элдин көзөмөлүндө болуудан коркот. Ошондой болсо да кайталап кетейин.
1) Президенттик башкаруу болуш керек. Премьер-министр деген кызмат жоюлуп, өкмөттү президент өзү жетектеш керек.
Себеби, азыр эки аппаратта баары биринин ишин бири кайталаган кызматтар. Ага 25 жыл болду. Ашыкча чыгым гана короп жатат. Президент жетишпей калат дегидей бүгүнкү күндө мамлекеттин менчигинде илгеркидей завод фабрика, мал чарбачылык, дыйканчылык жана башка өндүрүштөр тургай, бир тооккана жок. Ошол үчүн кыскартыш керек. Президент өз аппараты жана вице-президенти менен эң сонун жетишет.
Экинчиден, байпак алмаштыргансып жыл сайын бир эмес, эки премьер-министр алмаштырбай, баардык жактан толук жоопкерчиликти президент өз мойнуна алат.
2) Парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келишип, саны 55 депутаттан ашпаш керек. Ошондо ар бир райондун эли өз өкүлдөрүн жөнөтүшөт. Алар мыйзам чыгаруу жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө менен гана алек болушу керек.
3) Токтоосуз түрдө Курултай системасын киргизиш керек. Жыл сайын өлкөбүздүн баардык айылдарынан эл тараптан коомдук башталыштарда өкүлдөр шайланып келишип, президент менен парламенттен жылдык отчёт алып туруш керек. Жылдык отчётторунун жыйынтыгына делегаттар тараптан жашыруун добуш берилиши керек. Эгер көпчүлүк добуш менен канаатандыраарлык эмес деген добуш алса, дароо отставкага кетиш керек.
Мына ушунда гана президент менен парламент жыл сайын берилуучу отчётко даярданышып, элдин көзөмөлүндө болуп, элден коркуп, эффективдуу иштей башташат. Тизгиндери элдин колунда болот. Уурдабайт. Уурдаса жыл сайын курултайда ачыкталып турат. Мына ушундай болсо президент кетсин, парламент кетсин деген митинг, пикеттер токтойт. Чыныгы элдик бийлик орнойт.
Артыбызды карайлычы, 25 жылдан бери президент же парламент эл алдында жылдык отчётум деп бердиби? Албетте берген жок. Ошондуктан, жоопкерчилик да жок болуп мамлекетибиз таланып тонолууда. Өлкөбүздүн байлыгын бөтөндөр ташып кетүүдө. Биз муну тез арада тизгиндешибиз керек.
Сот бийлиги толугу менен ак үйдөн көз карандысыз болуп, мыйзамдарга гана баш ийген система болуш керек.
Мына ушундай өзгөрүүлөр сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыныгы реформалар болгондо гана бир кишинин үй-бүлөөсүндө эмес, жалпы малекетибизде дүркүрөгөн өсүүлөр болуп, элибиз байып баштайт.
Кыскасын айтканда мына ушул сындуу өзгөрүүлөрдү жасайм, түндүк-түштүк деп бөлүнүү көйгөйүн түп тамырынан жок кылам деген талапкерге добуш берип, келечекти тандап алгыла.
Эгер бүгүнкү башкаруу системасы менен кете берсек, дагы бир 25 жылдыкта карызга кекиртегинен баткан мамлекетке айланып, жок болуп кетүү коркунучуна кептелебиз.

Урматым менен Садыр Жапаров".

Напомним, 2 августа  Первомайский районный суд  Бишкека осудил экс-депутата парламента Садыра Жапарова на 11 лет и 6 месяцев лишения свободы с содержанием в колонии усиленного режима.

Суд признал виновным Жапарова в организации захвата заложника.

Отметим, ранее возбуждено уголовное дело за захват в заложники в 2013 году полпреда в Иссык-Кульской области Эмиля Каптагаева митингующими. Недовольные местные жители тогда, требуя национализации Кумтора, проводили митинг около здания областной администрации в Караколе. Каптагаев, будучи главой области, вышел к ним, митингующие удерживали его в авто несколько часов, требуя вернуть золото Кумтора народу. Только путем переговоров удалось утихомирить митингующих. Позже участников акции протеста задержали и осудили за сопротивление власти. На суде Каптагаев заявлял, что не имеет претензий к Жапарову за удержание митингующими его в авто. Тем не менее суд признал  Жапарова виновным.

Ранее, 25 марта 2017 года, Жапарова задержали сразу после пересечения границы,  а его сторонники, которые ожидали за территорией КПП,  даже не успели его увидеть.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6769



Добавить комментарий