Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз
Өнөр жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында дагы, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
Анын айтымында, премьер-министр болуп турган мезгилинде ал башкарган өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алган жана анын алкагында жер-жерлерде 20 пилоттук шаарлар менен иштөө башталат. «Президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот! Кызыл-Кыя шаарында өнөр жайды жандантып, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар курулат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал кыска убакта зор жетишкендиктер болгонун эскертти, анткени 2016-жылдын апрелинде ал премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. «Мындай көрсөткүчтөр бир да өкмөттө болгон эмес», - деп белгиледи талапкер.
«Бюджетти алалы. Былтыр 2016-жылы салык кирешеси 11 млрд сомго көбөйгөн. Быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд сомго жетти. Дагы көбөйөт. Анткени, мен көбөйтүү булактарын, жолдорун билем! Бюджет – жалпы элдин ырыскысы, уурдабаса эле бюджет көбөйөт», - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.
Мындан тышкары, шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарынын аэропортун куруу жана оңдоо маселесин карап берүүнү убада кылды.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6765
Добавить комментарий ×