Коргоочу коргоого муктаж. Бишкекте жаш жоокерди дарылатууга каражат топтогон акция өтүп жатат

26 сентября 2017 13:20 472 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаш жоокер Аскарбек Ташкенбаев кыйын абалда калды. Анын моюн омуркасы жана жүлүнү оор жабыркап, буту-колу кыймылдабай калган. Бул тууралуу жигитке колдоо көрсөтүүнү баштаган социалдык түйүндүн колдонуучулары кабарлашты.

 Активисттер билдиргендей, Аскар 26 жашта. 18 жашында үй-бүлөдөгү жалгыз бала болгонуна карабай аскерге кеткен. 2012-жылы «Пантера» атайын бөлүгүнө улук чалгындоочу кызматына чакырылган. 2015-жылы карьерасын Караколдогу № 2028 аскер бөлүгүндө уланткан. Ал жакта «Каркыра» чек ара заставасын кайтарган. 2016-жылы 8-июлда туура эмес секирип алуудан улам жигит жаракат алып шал болуп калган. Бир жылдан бери оору менен алпурушуп келе жатат.Учурда аны айыктырууга мүмкүндүк пайда болду. Москвада жасала турган операцияга 330 000 руб ($5700) керек. Аскардын апасы пенсионер, эки кызды жана алардын чоң энесин багып жатат. Үй-бүлө дарылоо курсун төлөй албайт жана мекендештерден көмөк сурап кайрылат.Аскарга жардам берүүнү каалагандар анын апасына кайрылып же болбосо өзүңүзгө ылайык жол менен каражат которсоңуз болот.

Апасынын номери-0554040469, Дамира эже

Элсом: 0554040469

QIWI-кошелек : +996554040469

Demir Bank: 1180000088271624 (доллар менен которула турган эсеп)

SWIFT - DEMIKG 22, БИК банка: 118003

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6740



Добавить комментарий