Учак кырсыгына жардамдар 1-февралга чейин кабыл алынат
Дача-Су айылына кулаган учак кырсыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пункттарына калктан келип жаткан гуманитардык жардамдар 1-февралында аяктаарын биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев «Семетей» мейманканасында министрлик жана мекеме жетекчилери менен өткөн көчмө кеңешмеде билдирди. 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга ачык жана калыс бөлүштүрүлөрүн убада кылды. ӨКМ буга чейин учак кырсыгына байланыштуу атайын эсепке 33 млн. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирген. Ошондой эле кырсык болгон жайда таштандыларды, төгүлгөн керосиндин жытын тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Мындан башка Дача СУ айылындагы жарым-жартылай бузулган, чатыры талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн турак-жайлардын ээлерине шифер жана башка курулуш материалдары берилип жардамдар тынымсыз көрсөтүлүп келе жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content673
Добавить комментарий ×