Алмазбек Атамбаев жарандык жөнүндө буйруктарга кол койду

28 январь 2017 10:30 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу" жөнүндө буйруктарга кол койду. Буйруктарга ылайык, 188 жаран өлкө жарандыгын алышты. Булардын көбү тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздар, Тажикстандын жана Өзбекстандын мурунку жарандары. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 97 адам чыгарылды.  Буга чейин өлкө башчысы 2016-жылдын ноябрында дал ушундай буйруктарды чыгарган. Анда 303 адамга Кыргыз Республикасынын жарандыгы берилип, 255 адам жарандыктан чыгарылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content670



Добавить комментарий