Америка менен Мексиканын ортосуна курулчу чеп эки президенттин тирешүүсүнө алып келди
АКШ менен Мексиканын чек арасына курула турган дубалдын баасы 12-15 млрд долларды чапчыйт. Бул тууралуу республикачылар партиясынын мүчөсү Митч Макконнелл мааалымдады.«Биз дубал менен байланышкан бардык маселелерди өзүбүз чечебиз. Ал эми президент бул маселеге башка өлкөлөрдү да тартууга аракет кылып жатат»-деген Макконнелл. Мындан бир аз убакыт мурун АКШ президенти Дональд Трамп Мексика президенти Энрике Пенья Ньетого чек арадагы дубалды чогуу курууну сунуштаган. Трамп «эгерде Мексика тарап дубал курулушуна акча бөлбөсө анда Мексика президенти АКШга келбей койсун» деген талабын ачык айткан эле. Президент Пенья Ньето Трамптын жасаган билдирүүсүнө жооп кылып АКШга жасала турган жумуш сапарын токтотуп койду
Ссылка: https://barometr.kg/content669
Добавить комментарий ×