Жалал-Абад шаардык кеңештин коалициясы бузулду

27 январь 2017 18:29 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаардык кеңеште 12-январда жаңыдан түзүлгөн “Биримдик” аталышындагы көпчүлүктү түзгөн коалициядан “Республика - Ата Журт” фракциясы чыкты. Муну менен коалиция бузулду. Бул тууралуу аталган фракциядан атайын ММКларга кабарлашты. “Республика - Ата Журт” шаардык кеңештеги фракциялар ортосундагы ынтымакты сактоо максатында коалициядан чыгып кеткенин айтышты. Бул жыйынды оппозицияда калган фракциялар мыйзамсыз деп ырастап, сотко кайрылган. Жалал-Абад райондор аралык соту Социал-демократчылардын арызын канааттандырган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content668



Добавить комментарий