Кумтөрдө иштегендердин айлыгы 10%га көтөрүлдү
Бүгүн Бишкек шаарында КРнын Тоо металургия профсоюзунун атайын маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйында билдиргендей Кумтөрдө иштегендердин айлыгы 2017-жылдан баштап 10%га көтөрүлдү. Эми алардын айлыгы эң аз дегенде 50 000 сом алышат. Кумтөр компаниясы жумушчулары менен эки жылдык келишим түзүштү. Келишимге ылайык алардын айлыктарына 10%га көтөрүп беришет. Мындан сырткары жаш баласы бар кызматкерлерге бөбөк 1,5 жарым жашка чыкканча кошумча 5 миң сом акча төлөнөт. Мындан сырткары Кумтөрдүн кызматкерлерине бекер эс алуу, бекер дарылануу жана жардам катары 30 000 сом акча ай сайын бөлүнүп берилип турат. Мындан сырткары сыйлык акчалардын баасы 50 000 сомго жеткенин маалымдашты.
Ссылка: https://barometr.kg/content666
Добавить комментарий ×