Алмазбек Атамбаев, КРнын президенти: “Бизди тыштан башкарабыз же баш ийдиребиз деген ойлорду алар унутушу керек”
" Алмазбек Атамбаев КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Андан кийин журналисттердин алдында сөз сүйлөп Баш мыйзамыбыздын көздүн карегиндей сактоо керектигин айтты. “Биз эл аралык уюмдарды, башка мамлекеттерди сыйлайбыз. Бирок бизди тыштан башкарабыз же баш ийдиребиз деген ойлорду алар унутушу керек. Биз эч качан, эч кимдин алдында тизелебейбиз! Тизелеп жашаганча кыргыздарга тик туруп өлгөн артык!", — деди өлкө башчысы. Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, өлкө премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Атамбаев Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталарын айтып өткөрүп берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content664
Добавить комментарий ×