Кыргызстандык спортчуларды Универсиадага узатышты
Поделиться в:
Казакстандын Алматы калаасында 29-январдан баштап бүткүл дүйнөлүк Универсиада өткөнү турат. Мына ошол мелдешке биздин мамлекеттин намысын 15 спортчубуз коргойт. Белдүү мелдешке спортчуларыбызды Дене-Тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов, Студенттердин спорт федерациясынын башчысы Токтобек Иманалиев, “Жаштык” ден-соолукту чыңдоо борборунун директору Эркинбек Абдылдаев узатып ийгилик каалашты. Албетте биз дагы спортчуларыбызга ийгилик каалап жеңиш менен келишин күтөбүз дешти алар.
Ссылка: https://barometr.kg/content663
Добавить комментарий ×