«Сейтек» балдар борбору 80 жашка чыкты, Төрага бордорду жылуу куттуктады

27 января 2017 15:41 808 Barometr
Поделиться в:
ok

27-январь  «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун 80 жылдык мааракеси. Бул мааракеге улай  борбордун атайын уюштурулган чоң концертине   Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Ирина Карамушкина Наталья Никитенко  дагы катышып, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун куттуктоо катын окуп беришти. Жогорку Кеңеш Төрагасынын куттуктоосунда аталган борбордун Кыргызстандын келечеги үчүн жасаган эмгеги баса белгиленип, 80 жылдык тарыхында аткарган иштери коомдун өнүгүшүндө өзгөчө роль ойногондугу ачык көрсөтүлгөн.  Атайын катты тапшырган  депутаттар  борборго гүлдөп өнүгүүнү, жетишкендиктерди  каалашты. 

Ссылка: https://barometr.kg/content662



Добавить комментарий