Асилбек Жээнбеков, ЖКнын депутаты: «2010-жылга чейин бир да мектеп, бала бакча курулган эмес»

27 января 2017 15:15 388 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын жыйыны  болуп өттү.  Жыйында Кыргызстан алган гранттар жана алардын пайдаланылышы боюнча маселе каралды. Бул боюнча маалыматты 1-вице-премьер Олег Панкратов берип, өкмөт мүчөлөрү депутаттардын  суроолоруна жооп беришти. Жыйын учурунда депутат Асылбек Жээнбеков каралып жаткан маселенин  маанилүүлүгүн белгилөө менен ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу элге маалымат берүү керектигин белгиледи.  «Ачыгын айтыш керек, сырттан каржы алуусуз мамлекеттин натыйжалуу өнүгүүсү кыйын. Атүгүл дүйнөлүк ири державалар да сырттан каржы алышат. 2010-жылдан кийин кредиттик-инвестициялык саясат түп тамырынан өзгөрүп, социалдык-багытталган болуп калды. 2010-жылдан тартып мамлекет элге жүзүн бурду. 2010-жылга чейин бир да мектеп, бала бакча курулган эмес эле. Азыр ар бир тартылган кредит социалдык багыттарга жумшалууда. Бул да болсо президенттин иш аракеттеринин натыйжасы. Сиздер мындан ары баардык аракетти күчтөндүрүшүңүздөр зарыл. Мен  мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чакырам, бул механизм натыйжалуу экени көптөгөн өлкөлөрдө далилденип келген», - деп Эл өкүлү өкмөттүн өкүлдөрүн эскертүү жасады. 

Ссылка: https://barometr.kg/content661



Добавить комментарий