2016-жылдын жыйынтыгы 20,9 млрд сом тартыштык менен аткарылды

27 января 2017 12:15 336 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бул тууралуу  Каржы министри  Адылбек Касымалиев “СДПК” фракциясынын олтурумунда өзүнүн отчётунда билдирди. Министрдин билдиргенине караганда 2016-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджет 20,9 млрд сом тартыштык менен аткарылды. Өткөн жылдын акыркы айында эле таңкыстык 3,4 миллиардга өскөн. Бюджеттин жалпы кирешеси 115 млрд 771 млн 339,3 миң сом болсо, чыгашасы - 136 млрд 697 млн сомду түзгөн. Ошентип 2016-жылдын жыйынтыгында тартыштык 20 млрд 925 млн 880,6 миң сом болуп, акыркы 25 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. 2016-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджет 17,5 млрд сом тартыштык менен аткарылган. Жалпысынан каржы булактары 25 млрд сомдон ашык сумманы түзсө, анын 6 млрд 482,5 млн сому ички жана 19 млрд сомдон ашыгы сырткы булактар болуп эсептелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content658



Добавить комментарий