Балыкчынын борбордук көчөсүндөгү Лениндин эстелиги талашка түштү
Поделиться в:
Балыкчынын мэриясы аталган шаарынын борбордук аянтын жашылдандыруу жана реконструкциялоо долбоорун иштеп чыкты-муниципалитеттин имаратынын алдында турган В. Лениндин эстелигинин ордун алмаштыруу зарылдыгы каралууда.
Реконструкциялоо долбоору боюнча аянтка фонтаны менен бирдиктүү ансамблдин көрүнүшүн берүү каралган.
"Ошондуктан Лениндин эстелиги болжолу алынат окшойт”,-деп кабарлашты мэриядан.
Буга байланыштуу шаардык администрация өзүнүн социалдык баракчасында шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп жатат.
Калаанын жашоочуларына үч вариантты сунушташууда:
эстеликти сактап калып аны башка жакка көчүрүү,
өз ордунда калтыруу,
толук бойдон алып салып, кайра орнотпоо.
Ссылка: https://barometr.kg/content6568
Добавить комментарий ×