Атамбаев Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты

21 сентября 2017 15:05 419 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мексиканын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдө көп сандаган адамдар каза тапкандыгына байланыштуу Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6562



Добавить комментарий