Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселени жабык талкуулоону чечишти

21 сентября 2017 15:01 415 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-сентябрда парламенттин жыйынында “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2017-жылы 5-сентябрда Бишкекте кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификацяилоо тууралуу” мыйзам долбоорун каралып жатат. Депутаттар бул мыйзамды талкуулоону басма сөздөн жабык өткөрүүнү чечишти. Аталган мыйзамды талкуулоого 90дон ашык депутат каттоодон өттү.      

Бул боюнча премьер-министр Сапар Исаков, коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Джумакадыров жана башка чиновниктер маалымат беришет.

Эскерте кетсек, кечээ депутаттар мыйзам долбоорун кворумдун жоктугунан карай алышкан эмес.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6561



Добавить комментарий