Россияда ачууланган мигранттар "Москва" соода борборуна чабуул коюуга аракет кылышты.100дөй киши кармалды

21 сентября 2017 14:30 401 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кечээ кечинде Россиянын  борборунда мигранттар “Москва” соода борборуна чабуул жасашты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» бүгүн, 21-сентябрда маалымдады. Чатак күзөтчүлөр жумушчуну сабагандан улам келип чыккан.

Шейшемби күнү кечинде Люблино районунун аймагында жайгашкан «Москва» соода борборунда башаламандык башталган. Бир нече жүздөгөн мигранттар борборго чабуул жасашты.

  "Саат 21.15те Тихорецкий бульварында эки топ-күзөт кызматы менен борбордун жумушчуларынын арасында чатак чыкканы тууралуу маалымат түштү. Окуя болгон жерге бир канча полиция кошуундары барды. Чатактын активдүү катышуучулары кармалды жана полиция бөлүмүнө суракка жеткирилди”,-деп кабарлашты полициядан.

Расмий эмес маалыматтарга таянсак, кармалгандардын тизмеси 100 адамга чейин жетет. Негизинен Тажикстандын жарандары.

Окуя жарым жан болгонго чейин сабашкан жумушчунун айынан чыккан, кечээ күндүз саат 14ттөр чамасында борбордун күзөт кызматы 27 жаштагы тажикти мекемелерине алып келген. Ал кытайлык соодагер аялдын колунда иштеген. Аны уурулукка айыпташкан.

“Мигрантты күзөтчүлөрдүн бөлмөсүндө сабашып, ал акыл –эсин жоготкон”,-деп билдирди «Комсомольская правдага» “Тажик эмгек мигранттары” кыймылынын башчысы Каромат Шарипов. –Ушунча катуу сабашкандыктан күзөтчүлөр жигитти өлүп калды деп ойлошкон. Аны кандайдыр бир материалга ороп таштанды челекке салып салышкан. Элдер көрүп кездемени ачып карашса кан болгон адам жатат. Тез жардам чакырышкан”.

Кечки саат 18:00гө жакын борборго келген этникалык тажиктер саат 20:00гө карай соода борборуна чабуул жасашып мекендештерин ким сабаганын таап берүүнү талап кылышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6559



Добавить комментарий