Кыргызстанга Россиянын президенти Путин келээри күтүлүүдө
Поделиться в:
Бишкекке жакында Орусиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапар менен келет. Мындай маалыматтар жергиликтүү маалымат кызматтарында жарыяланып жаткан кези. Маалыматтарда Путин Кыргызстанга 28-февралда келээри айтылган. Владимир Путиндин бул сапары алкагында эки өлкөнүн финансылык жана экномикалык абалы талкууланат. Ошондой эле айрым эксперттер Путиндин бул сапарын быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого да таасири болот деп эсептешүүдө. Айрым маалыматтарда Путин Кыргызстан сапарынан соң, Тажикстанга да барат. Жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып чыгуусу мүмкүн деп айтылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content652
Добавить комментарий ×