Өзгөн районунда 40 миңден ашуун адам Сооронбай Жээнбековду колдошту
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Талапкерге колдоо көрсөтүү максатында 40 миңден ашуун адам келишти.
Сооронбай Жээнбеков жакынкы 6 жылга карата стратегиялык максаттарды жана пландарды ишке ашыруу боюнча шайлоочуларга толук маалымат берди. Ал белгилегендей, анын президент кызматындагы башкы аракети жетишкендиктерди бекемдөө жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашыруу болот.
Ал коррупция менен күрөш, экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө, кичи жана орто ишкерликти колдоо сыяктуу маселелерге кеңири токтолду.
Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында жетишилген маселелерге өзгөчө токтолду. “Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин үзүрүн эми көрө баштадык! Айрыкча Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүүлөр менен теӊ укукка ээ болуп, жөндөмүнө, билимине жараша жакшы жумуштарга орношуп жатышат. Азыр короо шыпырган кыргыздар чанда эле болбосо, жок. Экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштарды аткардык. Экспортко чыгууга инфраструктурабыз даяр – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз, лабораториялар, чек арадагы өткөрмө бекеттери жаңыртылды”, - деп белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков ага ишеним артылып, президент болуп шайланып калса, бүт күчүн, билимин жана тажрыйбасын мамлекетке, элге кызмат кылууга арнай турганын билдирди. “Мен коррупция менен аеосуз күрөшөм, ашыкча кеткендерди колу-бутуна чаап турам. Менин максатым - тартип жана туруктуулук, өнүккөн өлкө”, - деди талапкер.
Өз кезегинде өзгөндүктөр өзүнүн эмгек жолун Өзгөндөгү мектеп мугалими болуп баштаган Сооронбай Жээнбековду кош колдошуп, жердештерин эң татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырышты.
КРПрезиденттинкызматордунаталапкер С.Ш ЖээнбековдуншайлоофондунанкаржымаселелерибоюнчаыйгарымукуктууөкүлүСатыгулкызы Надира тарабынанбуюртмаберилдижанатөлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 19.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6513
Добавить комментарий ×