Кыргызстандык студент Линкольн мемориалындагы эстеликти тыйын менен чийгилеп салган. Соттолушу мүмкүн

20 сентября 2017 14:34 314 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандык студент Линкольн мемориалындагы постаментти тыйын менен чийгилеп өзүнүн атын жазып салган. Келтирилген чыгымды сот 2 миң долларга баалады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

 Кыргызстандык 18-сентябрда вандализм боюнча айыпталып кармалган. Бул маалыматты Вашингтондун полиция департаменти элчиликке тастыктады.

 19-сентябрда ал октябрдын башына белгиленген сотко келүү милдетин алуу менен кое берилди. Кыргызстандык кылган күнөөсүн мойнуна алды жана өкүнүп жатканын айтты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6502



Добавить комментарий