Ош областында жаш жигит АЗСти тоноп, андан соң Казакстанга качып кетүүгө аракет кылган
Поделиться в:
Ош областында жаш жигит АЗСти тоноп, андан соң Казакстанга качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
16-сентябрда болжол менен саат таңкы 6да Ош областынын Өзгөн шаарындагы АЗСке бетине медициналык бет кап тагынган белгисиз жигит кирип май куючу жайдын кызматкерин сабап, 140 миң сомду тартып алган. Ал ошондой эле АЗСтин унаа токтотуучу жайында турган Daewoo унаасын айдап качып кеткен.
Кылмыш иши козголуп каракчылык кылган жаран мурда соттолгон, 1992-жылы Ош областынын Өзгөн районунда туулган К.А. экени аныкталган.
Учурда ал кармалып камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6485
Добавить комментарий ×