Аламүдүн районундагы Озерное айылында кишинин сөөгү табылды, милиция таанууга көмөк сурайт
Поделиться в:
Аламүдүн районунун Озерное айылында 7-сентябрда белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маркумдун белгилери: азиат түспөлдүү, жашы болжол менен 40-45 жашта, бою 170-175 см, арык чырай.
Үстүнө агыш түстүү көйнөк, көк түстүү спорттук шым кийип жүргөн.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү жарандардан маркумду таанууга көмөк сурайт. Маалымат билгендер 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0700 67 55 56, 0700 20 96 66 телефондоруна байланышса болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content6479
Добавить комментарий ×