Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Баймак" бекети толук ачылды

20 сентября 2017 10:03 409 Barometr
Поделиться в:
ok

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара бекети эки тараптуу толук иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 19-сентябрда кыргыз жана өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баймак" чек ара бекети толук ачылып, иштей баштады.

Буга чейин 16-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык чек ара бекети кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек жак техникалык оңдоого байланышуу убактылуу жаап турууну суранган.

5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

6-сентябрда Оштогу "Достук" бекетинде чектөөнүн алынышы салтанаттуу белгиленген.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Дээрлик баарында Кыргызстандагы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин өтүү татаалдаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6470



Добавить комментарий