Президент Нью-Йоркто БУУнун 72-Генералдык ассамблеясынын ишине катышат

19 сентября 2017 14:00 504 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун 72-Генералдык ассамблеясынын  ишине катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы - Генералдык ассамблеянын жалпы дебатында  чыгып сөз сүйлөйт.  Азыркы дебаттардын темасы  “Көңүлдү адамга  буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн  тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда”.

Мамлекет башчысы  ошондой эле  Борбордук Азия өлкөлөрүндө уран мурастары  маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги атайын отурумга катышат. Бул иш чара  Кыргыз Республикасынын, Европа союзунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын демилгеси боюнча өткөрүлүп, анда  азыркы уран калдыктарынын проблемалары, аларды рекультивациялоо жана Кыргыз Республикасында, жалпы эле Борбордук Азия аймагында  радиациялык  коркунучтарга жол бербөө маселелери талкууланат.

2013-жылы  Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Генералдык ассамблеясында атайын № 68/218резолюция кабыл алынган. Мындай кадам  уран обьектилерин  рекультивациялоого техникалык даярдык көрүү ишинде сезилерлик прогресске жетишүүгө, курчап турган айлана чөйрөгө таасирин баалоо боюнча изилдөө жүргүзүүгө, каржылоонун конкреттүү механизмдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Болжолдонгон  атайын отурумдун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы эл аралык коомчулукка  Кыргызстандын бул проблема боюнча жетишкендиктери тууралуу маалымдайт, ошондой эле  эл аралык өнөктөштөр менен  колдоо көрсөтүүнүн мындан аркы багыттары жана кызматташуунун биринчи кезектеги чаралары, анын ичинде  БУУнун Генералдык ассамблесянын тиешелүү жаңы резолюциясын кабыл алуу зарылчылыгын дагы талкуулайт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти  БУУнун Өнүктүрүү программасы жана БУУнун тынчтык курулушту колдоо боюнча башкармалыгы тарабынан “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары аракетте: өлкө жетектеген жана ага  тиешелүү” темасы боюнча өткөрүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги кеңешмеге катышат. Атайын кеңешменин жүрүшүндө  Мамлекет башчысы  2030-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү тармагындагы Күн тартибин ишке ашыруудагы инновациялык ыкмалар боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлгөн  бир катар чараларды  жана тажрыйбасын чагылдырат.

БУУнун Генералдык ассамблеясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат.

Мындан тышкары  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Нью-Йоркто үстүбүздөгү жылдын 10-11 июлунда Бишкек шаарында өткөн АКШнын соода миссиясынын Кыргыз Республикасына жасаган алгачкы сапарынын алкагында  өткөрүлгөн диалогду улантып, АКШнын ири трансулуттук компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ал компаниялардын катарында Citi, Visa, Baker McKenzie, GeneralElectric, Microsoft, JohnDeere, Oppenheimer&Co, AGCOCorporation, APAICS, CalatravaGrace, USEXIMBank, Mirae Asset Global Investments жана башкалар дагы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/content6437



Добавить комментарий