Пирамида ЖЧКсын парламенттик телеканал кылууну сунушташты

19 сентября 2017 13:58 386 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Медиа Холдинг Пирамида” ЖЧКсын Парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карап, бул багыттагы негизги бүтүмдү жумушчу топ чыгарсын деген жыйынтыккка келди. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу  маалымат берди.

Анын айтымында, аталган телеканал парламенттеги жалпы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. Эми келечекте комитет, фракция жыйындарын, коомдук угууларды да түз алып көрсөтүү жагы колго алынмакчы.  “Пирамида” Жогорку Кеңештин карамагына өтө турган болсо, аны каржылоо иштери парламентке жүктөлмөкчү.

Талкууда депутат  Дастан Бекешев 5-канал парламенттик телеканал болуп эсептелерин айтып, адегенде ошол мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгын эскертти. 

Депутат Альфия Самигуллина болсо атайын жумушчу топ түзүү маселесин кылдат карап чыгуу зарылчылыктарын сунуштады.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content6436



Добавить комментарий