Усэйн Болт Пекин-2008 Олимпиадасында уткан алтын медалынан ажыратылды

26 января 2017 11:52 406 Barometr
Поделиться в:
ok

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт жана анын улуттук курама командадагы командалаштары Пекин-2008 Олимпиадасында 100 метр аралыкка эстафеталык чуркоодо уткан алтын медалдарынан ажыратылышты. Буга Ямайканын желеги астында чуркаган Неста Картердин организминен тыюу салынган каражат табылганы себеп. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Аталган мелдештин жыйынтыгы жокко чыгарылып, алтын медалдар Тринидад жана Тобаго өлкөсүнүн спортчуларына, күмүш медалдар япондук спринтерлерге жана коло байге бразилиялыктарга тапшырылат. Усэйн Болт аталган медалын тапшырууга даяр экендигин билдирди. Эми ал тогуз жолку эмес, сегиз жолку Олимпиада чемпиону болуп калды

Ссылка: https://barometr.kg/content643



Добавить комментарий