Аял үйдүн кутубу же ким?

19 сентября 2017 11:48 889 Barometr
Поделиться в:
ok

Чынында эле көз жүгүртсөк аялдын образы көбүнчө дене түрүндө пайдаланылат, мисалы жарнамаларда товарлар үчүн колдонулат. Ал зомбулуктун объектиси катары каралат. Эмне үчүн ошол аял коомду, анын ичинде үй-бүлөнү бириктирип турган кут экендиги назарга алынбай калды. Бул маселеге ар тараптан көз чаптырып көрүүнү туура таптык.

Үй-бүлөлүк чатак эрди-катындын өз ишиби?

Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну күйөөсү менен биргелешип түтүн булаткан 22 жылдан бери арактын азабын тартып келе жатканын айтып кейийт. Жарыгынан караңгы күнү көбүрөөк жашоосунда эки уулдуу болуп, улуусу 20дан ашып, кичүүсү мектепте. Канчалаган үй-бүлөнүн көз жашын куруткан арак булардын үй-бүлөсүндө жылдан-жылга азаймак турсун тереңдеп бара жатат. Нечен урушуп, нечен жарашып акыры тажаганда тагдырга моюн сунуп жашап калган аял акыркы учурларда күйөөсүнүн арагы, ур-токмогу, ызы-чуусу күчөп, чегинен ашканын көз жашын төгүп баяндайт. Ушунча жыл чыдап, өз ара чечишип алып жарашып жүргөн аял, бул жолу жанына батып, үй-бүлөгө такыр тынчтык бербей, буюмдарды талкалап, өзүн балдары менен чогуу үйдөн кубалаганда милицияга кайрылууга аргасыз болуп, бирок ошол жерден алардын мазактоосуна туш болгондугун айтат: “Акыркы жолку урушубузда түнү менен тынчтык бербегендигинен милицияга кайрылдым. Чакырсам келбей коюшкандыктан өзүм барсам, алар үй-бүлөлүк иштерге кийлигишпейбиз, аны өзүңөр чечесиңер деп мыйыгынан күлүштү. Мен ал уруп-сабап кордук көрсөтүп жаткандыгын айтсам, бул өзүңөрдүн ишиңер биз бара албайбыз деди. Мен чырылдап ыйлап: “Барып кой-ай деп койгула, силердин милдетиңер ошол да. Анан мени өлтүрүп койгондо гана барасыңарбы?”, десем,  “Биз болгону бир-эки күнгө бейбаштык деп камайбыз, кайра чыгарып жиберебиз, биздин башкага укугубуз жок”,- деди. Алар күйөөмдү түнкү саат 4тө алып кетишти, бирок кайра эле эки сааттан кийин чыгарып жиберишиптир. Ал үйгө келип “мени эмнеге милицияга бердиң” деп мурдагыдан да катуу сабап, эми болсо такыр күн көрсөтпөй калды”,-дейт. Мындай аянычтуу тагдыр биздин коомубуз үчүн жаңылык эмес. Бул көпчүлүк үй-бүлөлөрдөгү көп кездешкен көрүнүш.

Ким кимди зордуктады...

Психологдордун пикиринде акыркы учурларда зордукчуну эмес, жабырлануучуну айыпка жыгууга аракеттенген окуялар арбыган. Аял жабырлануучулардын дээрлик басымдуу бөлүгүндө зомбулукка барган эркекти актоо, аялды басмырлоо кездешип келет. “Сезим” кризистик борборунун психотерапевти Наталья Павлованын пикиринде айрым журналисттер ал гана эмес ага ыңгайсыз суроолорду берүү менен жабырлануучуга айыпты оодарууга аракеттенип жаткандыгын байкабай калышат. “Айрым журналисттер сиз аялдарга зордукчунун курмандыгы болуп калбашы үчүн кандай кеңеш берет элеңиз деген суроону узатышат. Бул кандай кийим кийбеш керек, кайсы жерде жүрбөш керек дегендей суроолор. Мындай суроо күнөөнү жабырлануучудан издегенге тете. Кылмыштын бетин ачуу, зөөкүрдү жазалоо тууралуу эмес, сени зордуктап кетпеши үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу гана сөздөр болуп жатат. Бир окуяны мисал кылсам, бир айылда жакыр жашаган үй-бүлөдөгү жашы жетелек эки кыз туугандарынын талаасында иштеп жандарын багышчу экен. Алардын абалынан пайдаланган талаанын ээси кыздардын бирин узак мезгилге чейин зордуктап келгендиги билингенде, ал үй-бүлөнү бүтүндөй бир айыл күнөөлөп чыккан. Алар: “Силерге ал киши жумуш берип жан сактатып жаткандыгына ырахмат айткыла, ага жалаа жаппагыла”,- деп запкы чеккен кыздын үй-бүлөсүн басмырлашып, ошол кылмышкерди жактаган 200-300 адам арызга кол коюп беришкен. Акырында жабырланган үй-бүлө айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болушкан”,-дейт ал.

Бардык эле эркектер зордукчу эмес

Н.Павлованын пикиринде эл арасында аял логикасы бул акылсыздыктын варианты деген түшүнүк бар. Эркектерге карата болсо талаптар өтө жогору, анын дени сак, күчтүү, финансылык жактан камсыздалган болушу керек. “Шайлоолордо аялдарга добуш беришпейт, аялдар өздөрү саясат аялдардын иши эмес дешет. Аялдарга социалдык, педагогикалык тармактагы иштер менен гана алектенүү сунушталат. Ал гана эмес депутаттарда дагы күч структураларын эркектер, социалдык тармактарды аялдар алып барышат. Жашоодогу кадыр-барктуу тармактарды эркектер ээлешет, Мисалы 1990-жылдардын башында соода кылуу аялдардын гана иши деп эсептелчү. Бара-бара соода жакшы пайда алып келе тургандыгын түшүнгөн соң эркектер ушул келечектүү тармакка өтүштү. Ири соода үйлөрүн, базарларды эркектер ээлей баштады. Медицинада дагы участкалык терапевттер, педиатрлар эркектер эмес. Алар хирургия, гинекология жаатында иштешет. Анткени бул кесиптер көп төлөнүүчү, киреше алып келүүчү адистиктер. Биз үй-бүлөдөгү абалды, эркекти зордукчу, аялды жабырлануучу катары караганга көнүп калганбыз”,-дейт психотерапевт. Анын айтымында, бардык эле эркектер зордукчу, ал эми бардык эле аялдар жабырлануучу эмес. Бул зомбулукту кандайдыр бир актоого жатпайт. Бирок эркек дагы социалдык жактан абдан чоң кысымга дуушар болот. Эркектердин бардыгы тең эле коомдо эркектерге карата кабыл алынган бийик нормаларга (дени сак, акчалуу, күчтүү) жооп бере алышпайт. Ошондуктан ушул нормаларга дал келбей калуу көйгөйүнөн улам эркектер ошол бош орунду аракечтик, баңгичилик аркылуу толтурууга аракеттенишет. “Эркектер эч убакта арызданбашы керек, эмоционалдык жактан сабырдуу болушу керек деген эрежелерден улам, ооруп калса, бизнесинде көйгөйлөр пайда болсо ал ошол замат басынып берет. Учурда  байма-бай кездешип жаткан үрөй учурган кылмыштар, аракечтик, баңгичилик мына ушул көйгөйлөргө байланышкан. Андыктан окуянын кесепеттерин эмес, аны жасоого түрткү болгон себептерди аныктап, аларды жоюунун жолдорун издөө керек”,-деген пикирин билдирет.  

Жабырлануучуга каршы компромат топтоо кеңири жайылды

“Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондунун төрайымы Лариса Илебезованын айтымында, жабырлануучу аялдардын укуктарын коргоого кылмышкерге ар тараптан жасалган колдоолор тоскоол болуп келет. “Бишкекте бир өзгөчө кылмыштуу окуя чоң чуу жараткан, анда УКМКнын кызматкери өзүнүн кесиптеши менен биргеликте өз жубайына карата сексуалдык зомбулук жасагандыгы далилденген. Бул сот процессине катышып жаткан учурда жабырлануучу ачык эле чыгып жатты. Күйөөсү чоң кызматта иштеген үчүн соттордун оозун басып, ишти жаап келишкен. Күбөлүккө айылдын жарымы келип, күнөөлөрү далилденсе дагы аларды бир туруп камап, бир туруп чыгарып жатышып, иш оң жагына чечилген эмес. Жабырлануучу аял оор психологиялык жаракат алгандыктан өзүн өзү өрттөйм деп да чыккан учурлары болду. Балдарынын баары бой жетип, алар дагы эл журтка чоң жаңылык катары жайылган бул окуядан уялып ахыбалдары оорлоп калган. Акырында эл аралык сотко берерде кызы ага: “Апа, мунун баарын токтотуңуз же биз бардыгыбыз сизди таштап кетебиз” дегенде гана ал арызданууларын токтотууга аргасыз болгон.  Ошол сыяктуу эле Аламүдүндө 82 жаштагы байбичени зордуктап кеткенде дагы айылдын жарымы келген. Жабырлануучуга каршы компромат топтоо бул өтө кеңири жайылган каршы чабуул болуп калды. Шелтерге келип башпаанек кылган өспүрүм кыз өгөй атасы тарабынан зордуктоого туш болгондугун билдирген. Жашы жетелектердин иштери боюнча инспектор ошол кыз окуган мектептен ага мүнөздөмө сураган. Ал “кыз өзү тартиби жок, начар, өзү азгырган болушу керек, өзү күнөөлүү” дегенди кыйытып, жабырлануучуну күнөөгө жыгууга аракеттенген”,-дейт Л.Илибезова.

“Пекин декларациясы” деген эмне?

Пекин декларациясы жана Пекин аракеттер платформасы (ПАП) мамлекеттер тарабынан 1995-жылы Пекин шаарында Аялдардын абалы боюнча Төртүнчү дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган. ПАП аялдардын абалын жакшыртуу үчүн маанилүү 12 көйгөйлүү тармакты жана стратегиялык максаттарды камтыган. Кыргызстан акыркы 20 жылдын ичинде гендердик тең укуктуулукка жана аялдардын укуктарына карата өзүнүн саясий колдоосун көп жолу тастыктады. Өлкө эл аралык конвенцияларды ратификациялады жана өзүнүн ички мыйзамдарын жакшыртты.

Бирок Кыргызстан аялдарынын бейөкмөт уюмдарынын Форумунун жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, аялдардын укуктары боюнча милдеттерди аткарууну жалпы баалоо мамлекеттик баалоодон кыйла айырмаланат. Гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укуктары өлкөнүн өнүгүүсүндө стратегиялык маанилүү багыт боло алган эмес. Анын жыйынтыгында айылдык аялдардын бийликке келбей жатышы – айыл өкмөттөрүндө бийликтеги аялдар 5 пайыздан азыраак, ошол эле учурда аларга эркектер тарабынан сексуалдык асылууларга көңүл бурулбай кала берген. Ал эми коомчулук үчүн элеттик аялдар айылдын өнүгүүсүн тең укуктуу чече алышы, кыздар жана аялдар жумушта, көчөдө тийишүү, сексуалдык асылуулардан мыйзамдуу корголушу маанилүү болчу. Ошондой эле төрөт учурунда аялдар жана ымыркайлар көз жуумп жатышат, бул биздин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү түздөн түз келип чыккан көйгөй, кайгылуу көрүнүш.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиеванын айтымында, парламентте иштеген аялдарга дагы ачык кысым көрсөтүү байкалат. “Сессия учурунда айрым аял депутаттар кайсы бир маселени көтөрүп трибунага чыгып сүйлөп жатышса, анын көтөрүп жаткан көйгөйүн олуттуу кабыл албаган эркек депутаттар кездешет. Ал гана эмес кээ бир учурда: “Үйдө эле отурса болмок экен, казан-аягын кармап, бул жерге эмне келген” деген шылдың сөздөрдү дагы угууга болот”,-дейт жаш депутат айым.      

Жогоруда келтирилген окуялардын мисалында деги эле аялдардын укуктары талаптагыдай корголбой жатканы зээнди кейитет. Андыктан мындай көрүнүштөргө көңүл бурулуп, чыныгы кылмышкерди коргобостон ага татыктуу жазанын берилиши көзөмөлгө алынышы керек. Бул көйгөйгө коомчулук, тиешелүү мамлекеттик органдар жапа тырмак киришет деген үмүттөбүз.

Аймира Мендеева

Ссылка: https://barometr.kg/content6428



Добавить комментарий