Маевкада сүт фермасы өрттөнүп, 25 жаштагы жигит 90 пайыз даражада күйүк алып ооруканага түштү
Аламүдүн районунда 2017-жылдын 19-сентябрында саат 00:53 чамасында Маевка айылындагы Сүт фермасынын аймагында темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна растворитель “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрт болгон жерде 1 адам (1992 ж. т. Р. А.) денесинен 90% 1-3 А даражадагы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Өрттү өчүрүүгө №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №2 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №7 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт 2017-жылдын 19-сентябры күнү саат 02:28де чектөөгө алынып, саат 03:07де толук өчүрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content6427
Добавить комментарий ×