Жаңы конуштардын жолдору оңдолот

25 января 2017 17:46 482 Barometr
Поделиться в:
ok

Быйыл Мурас-Ордо, Калыс-Ордо жана Ак-Ордо конуштарында мектептер бүткөрүлүп, шаардагы жолдор салынып, мыйзамсыз курулуштар тартипке келтирилип жана коомдук транспорт паркы жаңыланганы турат.  Бишкек шаарынын жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул жумуштар менен бирге да шаарды өнүктүрүү багытындагы иштер жигердүү кол алынат. Мындай ойлор Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы жыйынтыктары боюнча өткөн коллегияда айтылды. Анда шаар райондорунун жетекчилери былтыр аткарылган жумуштар жана 2017-жылга белгиленген иш аракеттердин планы тууралуу маалымат беришти. Маалым болгондой былтыр эң ири долбоор катары Кытайдан гранттык негизде бөлүнгөн каражатка Бишкек шаарынын Патриса Лумумбы, Дэн Сяопин көчөсүнөн Талдысуу көчөсүнө чейинки, Гагаринден Бах көчөсүнө чейинки жол жана Орозбеков, Киев менен Токтогул көчөсүнө чейинки жолдор оңдолду

Ссылка: https://barometr.kg/content637



Добавить комментарий