Айдоочусуз унаа Парижди айланат

25 января 2017 17:07 478 Barometr
Поделиться в:
ok

Париждин бийлиги электр моторлуу айдоочусуз башкарылган эки кичи автобусту шаарга чыгарды. Азырынча бул долбоор эксперимент катары эсептелип жатат. Эгерде ийгиликтүү болсо, анда шаар бийлиги транспорттун бул түрүн андан ары өнүктүрмөкчү. Азырынча эки кичи автобус тең кыска маршрут менен жүрүүдө. Аларга атайын башка унаалар жүрбөй турган тилке бөлүнүп берилген. Автобустар анчейин чоң эмес, 12 кишиге ылайыкталган. Коопсуздук үчүн атайын каражаттар менен жабдылып, байкоочу камералар орнотулган. Парижидин вице-мэри Жан-Луи Миссика бул айдоочусу жок автобустар жакында дүйнөдөгү шаардык транспортко революция жасайт жана ири шаарлардагы жашоону өзгөртөт деп белгиледи. Келечегинде шаар бийлиги бул транспорт менен шаардын сыртына каттаган поездерди алмаштырабыз деп үмүттөнүшүдө. Эксперименттин жыйынтыгы үч айдан кийин чыгарылат. Соңку жылдары бир нече унаа чыгарган компаниялар айдоочусуз башкарылган унааны чыгаруу үстүндө иш алып барып жатышат. Айрым шаарларда мындай унааларды кезиктирүүгө мүмкүн болуп калды. 2020-жылга толук кандуу мындай унааны чыгарууга белсенгендер арасында германиялык BMW жана Volkswagen, америкалык General Motors, Tesla жана кореялык KIA компаниялары бар. Ошондой эле ири IT-компаниялар, маселен, Apple жана Google дагы буга киришип жатат. Анын ичинде Uber дагы аракет кылууда

Ссылка: https://barometr.kg/content636



Добавить комментарий