Аким тарабынан сабалган директор дайыма кордук көрүп келишерин айтты

15 сентября 2017 15:00 509 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын Сайхунобад районунун директорлорунун бири акимчиликтин жыйындарында кол көтөрүү көндүм көрүнүшкө айланганын билдирди. Аким мектеп директорлорун сабап жаткан маалда тартылган видео интернетке 12-сентябрда тараган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Өз атын атагысы келбеген директор ал күнү башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк токмок жегенин айтты. Ал 12-сентябрда интернетке жайгаштырылган видео чоң муштум район башчысынын жоруктарынын бир бөлүгү экенин билдирди:

– Бизде мындай көрүнүштөр дайыма болуп турат. Буга чейин аким фермерлерге, медициналык мекемелердин башчыларына дагы кол көтөрүп келген. Аким өзүнө чакырып алып, кайра тепкилеп айдап чыкканын өз көзүм менен көргөм. Сыягы, аким болгон соң баарын кылсам болот деп ойлойт окшойт. Бирок адамдарга мындай мамиле жасоо туура эмес. Видеодо ал күнү болгон окуялардын баары чагылдырылган эмес. Ал күнү аким айрым акимдерди тепкилеп айдап чыккан, – деди мугалим.

Ссылка: https://barometr.kg/content6314



Добавить комментарий