Бишкек – Ош аба каттамында учкандар депутат Матраимовду урушуп жатышат
Бишкек – Ош каттамындагы TezJet авиакомпаниясынын DJ - 117 рейсинин жүргүнчүлөрү социалдык түйүндөргө учуп кетүүнү бир саат бою күтүшкөнүн айтып даттанышууда.
Эреже боюнча рейс 14-сентябрда саат 19.45те Бишкектеги Манас аэропортунан учмак. Жүргүнчүлөрдун айтымында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовду күтүшкөндүктөн улам каттам кармалып калган.
"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Barometr.kgнин суроосуна каттам чыны мнен эле кеч учканын бирок бир саат эмес, 26 минутка кечиккенин тастыктады.
"Учактын кармалышына салонду жыйнап чыгуу таасир берди. Учаардын алдында компаниянын кызматкерлери салонду тазалашкан”,-деп айтты Курбанова.
Аталган компаниянын өндүрүш жана коммерциялык бөлүмүнүн башчысы Мээрим Сагындыкова Barometr.kgге бул каттамдын баардык жүргүнчүлөрү каттоодон убагында өткөнүн кошумчалады.
“Жүргүнчүлөрдү биз күткөн жокпуз, бизде андай каралган эмес. Учак жүргүнчүнү күтпөйт, кеме эрежеге ылайык учат, Ошко баргандан кийин кайра кайтып келүүгө учакты даярдаш керек болот”,-деп кабарлашты авиа компаниядан.
Barometr.kgнин жеке булактырынын маалыматына таянсак Матраимов бул каттамдагы тизмеде болгон жана аман-эсеп учуп кеткен.
Матраимов менен редакция байланыша алган жок. Анын телефонуна байланышкан кезде убактылуу жеткиликтүү эмес деген кабарлама келүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content6302
Добавить комментарий ×