Москвада кыргызстандык мигрант унаада калган уюлдук телефонду жана 548 евролук бут кийимди кайтарып бергиси келет

15 сентября 2017 12:34 1142 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кыргызстандык  мигрант Асан Жусуповдун кылган ишин талкуулап жатышат. Ал Москвада таксист болуп иштейт жана унаада жүргүнчү таштап кеткен уюлдук телефонду жана 548 евролук бут кийимди кайтарып бергиси келет.    

 Соцтүйүндүн колдонуучусу Жылдыз Осмонова айдоочу славян түспөлдүү 25-30 чамасындагы жигитти издеп жатканын жазды, ал 9-сентябрда унаа жалдап Шереметьево аэропортуна барган.

 Кабарда Асан Жусуповдун  телефон номери: +7 977 947 50 79  жазылып, ага байланышууну өтүнүшкөн.

Кыз бөлүшкөн пост кызуу талкуу жаратты, колдонуучулар айдоочуга жардам берип жаш жигитти табышууга киришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content6299



Добавить комментарий