Эгемберди Эрматов дүйнө салды

24 января 2017 11:41 642 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,  “СДПК” партиясынын мүчөсү,  акын, драматург Эгемберди Эрматов узакка созулган оорудан улам  66 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде  акка моюн сунду. Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган.

1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттеринде «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, "Аксаткын менен Мырза уул" драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» деген дастанды жазган. Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн. Акын өмүрүнүн акыркы жылдарында Мамлекеттин тил комиссиясында жетекчи болуп иштеп турган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content618



Добавить комментарий