Кубат Оторбаев, акыйкатчы: «Билим берүү тармактарында укук бузулуулар, балдарды ишке тартуу сыяктуу арыздар арбын эле түшөт»

24 января 2017 09:18 497 Barometr
Поделиться в:
ok

-Бүгүнкү күндө балдардын укугу канчалык деңгээлде мыйзам тарабынан корголот?  жана ошол мыйзамдар аткарылып жатабы?

- Бүгүнкү күнү, балдардын укугу мыйзам тарабынан жакшы эле корголгон. Бирок ошол мыйзамдардын кандай аткарылып жаткандыгы такыр башка кеп. Омбудсмен институтунда, балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган атайын бөлүм бар. Жыл ичинде, зордук зомбулуктан баштап, билим берүү тармактарында укук бузулуулар, балдарды ишке тартуу сыяктуу арыздар арбын эле түшөт. Тагыраак айтсак бир жылда келечек муунга тиешелүү 142 арыз келип түшкөн. Алардын баары биздин адистер тарабынан дыкат каралып, жерине барып абал менен таанышуудан баштап, кылмыш иштерди козгоого негиз берүүгө чейин иш алып барылат. Иштин жыйынтыгында, балдарга карата жасалган кылмыштарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга туура келди. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары дагы колдоого алышты десем болот. Кыргызстандад 6 млн адам болсо, анын 2 жарым миллионго жакыны балдар. Аларга татыктуу келечек түзүп, укугун коргоодо дагы көп иш аракеттер талап кылынаарын айта кетишибиз керек.

Ссылка: https://barometr.kg/content617



Добавить комментарий