Өкмөт өкүлүнүн туугандарынын кафесинде 7-каналдын журналисттерин сабап салышты
Поделиться в:
Кочкор-Атада “Азия” кафесинин ээси 7-каналдын журналисттерин сабады. Бул тууралуу телеканалдын видеосюжетинде айтылат.
Видеодо эркек киши журналисттин микрофонун жулуп алып, видоекамерасын талкапап жатканын көрүүгө болот.
Видеосюжетте кафени журналисттер 9-сентябрда “Визиттер” программасынын алкагында тартканы барганы да маалымдалат.
Журналисттер кафе Жалал-Абад областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин туугандарына таандык экенин аныкташкан.
Алар учурда арыз жазышты. Иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6167
Добавить комментарий ×