Сапар Исаковдун кортежи жол тыгында калды, башка унаалар аны качан өткөрөт деп күтүүдө

12 сентября 2017 10:13 1522 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө жаңы шайланган өкмөт башчы Сапар Исаковдун кортежи Бишкекте баарын таң калтырып, аны качан унаалар кое берет экен жол тыгында турган сүрөтүн талкуулашууда.   

Мисалы, Диля Юсупова бөлүшкөн бир катар фото сүрөттөрдө “Моссоветте жол тыгында турган өкмөт башчыны көрдүңөрбү? А биз көрдүк” деп жазылган.

Колдонуучулар бул боюнча ар кандай пикирлерин билдиришүүдө,бирөөлөр өкмөт башчыны мактаса, дагы бирөөлөр бул Сапар Исаков эмес дешүүдө.

 Белгилей кетсек, 25-августта парламент тарабынан шайланган Сапар Исаков  өлкөдө кардиналдуу реформаларды жүргүзүүнү, анын ичинде жол коопсуздугун сактоону камсыздоону убада кылган эле. “Азаттык” менен болгон маегинде жаңы премьер патрулдук милициянын коштоосунан баш тартканын айткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6145



Добавить комментарий